Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарынын мэри Токио Олимпиада оюндарына лицензия утуп алган спортчуну сыйлады

Эл аралык спорт чеберлери  Бекдөөлөт  Расулбековго 100 миң сом өлчөмүндөгү сертификат тапшырылды

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов эл аралык спорт чебери Бекдөөлөт Расулбековду жана анын машыктыруучусу Өмүржан Молдодосовду сыйлады. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Кудайбергенов спортчуну, анын машыктыруучусун жана оор атлетика боюнча спорт мектебинин директору Улан Молдодосовду жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалады жана Бекдөөлөт Расулбеков бүгүн, 24-июлда  Токиодогу Олимпиадага барат.

 

Эл аралык спорт чеберлери Бекдөөлөт Расулбековго 100 миң сом өлчөмүндөгү сертификат тапшырылды. Спортчунун машыктыруучусу, СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген машыктыруучусу Өмүржан Молдодосовго 50 миң сомдук сертификат тапшырылды.

 

Бекдөөлөт Расулбеков - өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунун коло медалынын ээси, Азия Чемпионатында 3-орундун ээси - 2019, Иран, Ташкент жана Таиландда өткөн Лицензиялык оюндардын 1-орунунун ээси. Ал Олимпиадалык лицензияга карай тездик менен кадам таштап, максатына жетип, Токиодогу Жайкы Олимпиада оюндарына - 2021-жылга лицензиянын ээси болуп калды.

Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх