Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент кесиптешин туулган күнү менен куттуктап, ага Өзбекстандын өнүгүүсүнө жана гүлдөп-өнүгүүсүнө багытталган ийгиликтерди каалады

Бүгүн, 24-июлда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Президентин туулган күнү менен куттуктап, ага күч-кубат, ошондой эле Өзбекстанды өнүктүрүүгө багытталган иштерине ийгиликтерди каалады.

Мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёевдин жетекчилиги алдында Өзбекстан Республикасында калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана жогорку темптеги экономикалык өсүштү камсыз кылууга багытталган маанилүү өзгөрүүлөр болуп жаткандыгын баса белгиледи.

Садыр Жапаров боордош Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтык потенциалы жогору экенин канааттануу менен белгилеп, мындан ары эки тараптуу байланыштын бардык комплексин өркүндөтүү максатында, Мамлекет башчысы Президент Шавкат Мирзиёевди ага ыңгайлуу болгон учурда Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх