Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ Алмазбек Атамбаевге жаңы айыптоолор тагылганын расмий түрдө тастыктады

Милиция былтыркы жылдын октябрь айындагы башаламандыктар боюнча ишти тергөөдө

Ички иштер министрлиги экс-президент Алмазбек Атамбаевге 2020-жылдын 9-октябрында Ала-Тоо аянтында болгон башаламандыкты уюштургандыгы үчүн айып тагылганын расмий жарыялады. Учурда тергөө иш-чаралары жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жаткандыгын башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди. «2020-жылдын 9-октябрында, түштөн кийин Бишкекте, Ала-Тоонун борбордук аянтында, ар кандай саясий партиялардын тарапкерлери жана алардын лидерлери башка саясий партиялардын тарапкерлерин жана алардын лидерлерин укуктук талаага кайтууга чакыруу максатында чогулушкан. Натыйжада, тарапкерлердин ортосунда пикир келишпестиктер келип чыгып, ок атуучу куралдарды колдонуу менен баш аламандыкка айланган», - деп билдирди укук коргоо органдары.

Министрликтин маалыматы боюнча, ошол эле күнү, 21-беренедеги кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки процесстер катталган.  «2021-жылдын 9-июлунда А.Ш. Атамбаевге Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренесинин 1-бөлүгү (Башаламандык) боюнча кылмыш жасагандыгы жөнүндө шектенүү жөнүндө эскертүү берилген”, - деп белгилешти Ички иштер министрлиги.

Эске сала кетсек, буга чейин Vesti.kg сайты экс-президенттин адвокаты Замир Жоошевдин Алмазбек Атамбаевге жаңы айып тагуу боюнча каарын билдирген.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх