Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Каныбек Иманалиев: Менин ордума бирөө фейктер боюнча мыйзамды колдоп добуш берип коюптур

Эл өкүлү Гүлшат Асылбаеванын мыйзам долбоорун кабыл алынышына башынан эле каршы болгонун белгиледи

Депутат Каныбек Иманалиев "Жалган жана такталбаган маалыматтардан коргоо жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча кечээки добуш берүүгө катышпагандыгын, бирок анын ордуна бирөө добуш бергенин айтты. Эл өкүлүнүн айтымында, ал башынан эле фейктер жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышына каршы болгон.

- Урматтуу кесиптештер!- деп кайрылды ал. - Менин ордума бирөө добуш берип, фейктер боюнча мыйзам долбоорун колдоп бериптир. Мен башынан эле бул мыйзамга каршымын. Мен каршы экенимди протоколго жазып койгула,суранам.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат Асылбаева тарабынан демилгеленген "Жалган жана такталбаган маалыматтардан коргоо жөнүндө" мыйзам долбоорубоюнча 97 депутат "макул", 2 депутат "каршы" деп добуш беришкен.

Канышай Балкыбекова
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх