Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түрк ММКлары: Анкара соту Орхан Инандыны 22,5 жылга эркинен ажыратты

Куралдуу террористтик уюмду башкарган" деген айып менен уурдалган Сапат лицей тармагынын негиздөөчүсүн Анкара соту 22,5 жылга эркинен ажыратты

Анкара соту Орхан Инандыны 22,5 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу түркиялык "Сабах" басылмасы билдирет. Анын айтымында, буга чейин Анкара прокуратурасы Орхан Инандыны 15 жылдан 22,5 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратууну сураган.

Уурдалган Сапат лицей тармагынын негиздөөчүсүнө "куралдуу террористтик уюмду башкарган" деген айып тагылып, прокуратура ишти сотко өткөргөн. Анкара соту прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырганы белгиленди.

Эскерте кетсек, Орхан Инанды 2021-жылы 31-майда Бишкекте жоголуп, Октябрь райондук ички иштер бөлүмүндө тергөө-ыкчам тобу түзүлгөн. Президент Садыр Жапаров аны издөөнү күчөтүүнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жана Ички иштер министрлигине тапшырган. Инанданын дайынсыз жоголушу фактысы боюнча “Уурдоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Кийинчерээк, 6-июлда, Режеп Тайип Эрдоган жумурияттын министрлер кабинетинин жыйынынан кийинки телекайрылуусунда Орхан Инанды Түркиянын атайын кызматы кармап, Түркияга алып келгенин айткан.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх