Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улукбек Марипов: Кыргыз Республикасы Корея Республикасы менен экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар

Кабминдин башчысы Кореянын элчисин кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Кыргыз Республикасындагы Корея Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ли Вон Чжени кабыл алды.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, Кыргыз Республикасы Корея Республикасы менен достук мамилени жана кызматташтыкты кеңейтүүгө чоң маани берет.

Улукбек Марипов эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын мүмкүнчүлүгүн жана аны өнүктүрүү келечегин белгиледи. Атап айтканда, республикага Корея Республикасынын ишкер чөйрө өкүлдөрү келип, атамекендик экономикага инвестициялоого активдүү кызыкдарлыгын көрсөтүп жаткандыгын канагаттануу менен белгиледи.

Министрлер Кабинетинин башчысы «Коrea Теlecom» компаниясынын Кыргыз Республикасында долбоорлорду ишке ашыруу чечимин колдоого алды жана кыргыз тараптын корей бизнесин өнүктүрүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирди. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн алдыңкы кореялык ЖОЖдордо билим берүү квоталарын жогорулатууга, ошондой эле биздин жарандардын  Корея Республикасына баруусуна байланыштуу маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.  

Кыргыз Республикасындагы Корея Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ли Вон Чже өз кезегинде белгилегендей, өлкөлөр ортосунда инвестициялык, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана тереңдетүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар.

Элчинин пикиринде, биздин республиканын жакынкы 5 жылга өнүктүрүүгө Расмий көмөк алуу үчүн приоритеттүү өлкөлөрдүн тизимине киргизилиши, ошондой эле биздин өлкөдө айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу максатындагы Корей эл аралык айыл чарба программасынын борборунун ачылышы (КОPIA) эки тараптуу кызматташтыкты алга жылдырууга жана кеңейтүүгө көмөк берет.

Тараптар ошондой эле үстүбүздөгү жылы экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-корей өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү, Бишкек жана Сеул шаарларынын ортосунда аба каттамын ачуу, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх