Садыр Жапаров илим жана техника жаатындагы ишмерлерди мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады
Президенттик администрация лауреаттардын тизмесин жарыялады
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын 2020-жылдагы илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктары боюнча комитетинин чечимин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренесине ылайык токтом кылынат:
- Медицина тармагындагы иштери үчүн төмөнкүлөргө Кыргыз Республикасынын илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыктары ыйгарылсын жана “Илим жана техника жагындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты” деген наам берилсин:
- «Хирургиялык эндокринологиянын проблемалары»:
- Чынгышпаев Шамиль Мукашевичке – Эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин доктору;
- Ахунбаева Нелли Исаевнага – Эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин доктору;
- Бебезов Хакиге – Эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин доктору;
- Ахунбаев Стальбек Медеровичке – Эл аралык жогорку медицина мектебинин ректору, медицина илимдеринин кандидаты;
- Шаназаров Алмаз Согомбаевичке – Эл аралык жогорку медицина мектебинин академиялык борборунун директору, медицина илимдеринин доктору;
- Айдаралиев Арсен Асылбековичке – Эл аралык жогорку медицина мектебинин ректорунун кеңешчиси, медицина илимдеринин доктору;
- Казакбаев Айтбай Тургунбаевичке – Эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин кандидаты;
- Кочоров Орозали Тайтокуровичке – Эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин доктору;
2) «Заманбап илимий-дүйнө таануу маданиятын түзүү жана өнүктүрүү теориясы»
Ашимов Исабекке – Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын химия-технологиялык, медицина-биологиялык жана айыл чарба илимдери бөлүмүнүн төрагасы, медицина илимдеринин доктору, философия илимдеринин доктору, профессор.