Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Мен өз укугумду коргойм." Дагы бир депутат анын ордуна фейктер боюнча мыйзам долбооруна добуш берип коюшканын айтып чыкты

Чыңгыз Макешов добуш берүү учурунда өлкөдөн тышкары жүргөнүн белгиледи

Депутат Ч.Макешов кечээ "Жалган жана такталбаган маалыматтардан коргоо жөнүндө" мыйзам долбооруна добуш берүү учурунда өлкөдөн тышкары жүргөнүн, бирок анын ордуна бирөө добуш берип койгонун айтып чыкты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ал өзү билдирди. Парламентарий бир күн мурун бул документтин кабыл алынышына каршы добуш бергендигин белгиледи. - Учурда мен өлкө тышындамын, бирок мамлекеттик маселелер менен алекмин, - деди Макешов.

- Менин ордума бирөө добуш берип, бул мыйзам долбоорун колдоп бергенине таң калп отурам. Акыркы жолу мен фейктер боюнча мыйзамдын кабыл алынышына каршы добуш бергем. Мен бул документ боюнча бир нече жолу эл алдында өз оюмду билдирдим. Кыргызстанда мунайзат жана башка ресурстар жок, бирок бизде эркиндик бар деп айттым. Ал эми ушул эркиндиктин негизинде биздин ийгиликтерибиздин бардыгы алдыда. Ошондой эле, ал кайтып келгенден кийин, анын ордуна добуш берген адамдын  жазаланышын талап кыла тургандыгын белгиледи.

- Мен идепутаттардын бири-бирине добуш берип, бул үчүн эч ким жоопкерчилик тартпай турганы тан калтырды, - деди эл өкүлү ачууланып. - Мен өз укугумду коргойм жана күнөөлүүлөргө жазаланышын талап кылам. Мен жокто мага эч кимге ишеним кат же добуш берүү укугун берген жокмун.

Канышай Балкыбекова

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх