Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жаныбек Абиров: Кубанычбек Конгантиев өз милдетин татыктуу аткарат деп ишенем

Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы спикери жаңы төрагага ийгилик каалады

Бишкек шаардык кеңешинин мурунку спикери Жаныбек Абиров Vesti.kg сайтына БШКнын жаңы төрагасы Куванычбек Конгантиевдин шайланышы боюнча өз пикирин берди.

Анын айтымында, жаңы төрага баш калааны өнүктүрүүнү приоритет катары карманса өз милдеттерин толук аткара алат.

"Менин оюмча, Конгантиев өз милдетин так аткарат" деп эсептейт Абиров. - Баардыгы көпчүлүк коалициянын туруктуулугуна жана пайдалуулугуна байланыштуу болот. Эгерде алар жеке амбицияларын канааттандырбай биринчи орунга шаардын көйгөйлөрүн коюшса баары ойдогудай жүрөт.

Эске сала кетсек, бүгүн БШКнын жаңы чакырылышынын депутаттары ант берип, жаңы спикер Куванычбек Конгантиевди шайлашты.

Конгантиев үч жогорку билимге ээ экени белгилүү.

Мындан тышкары, ал БШКнын 26 жана 27-чакырылыштарынын депутаты жана "Кыргызстан" фракциясынын лидери болгон.

Кийин белгилүү болгондой, ал экс-ички иштер министри Молдомусе Конгантиевдин жээни. Азыркы учурда БШКке "Ата Журт Кыргызстан" партиясы менен өткөн.

Эльдос Казыбеков
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх