Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанга 1,25 млн доза өлчөмүндөгү Sinopharm вакцинасынын жаңы партиясы келди

Кабмин Кытай өкмөтүнө көрсөткөн колдоолору үчүн ыраазычылык билдирди

Кыргыз Республикасына республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынган 1 млн 250 миң доза өлчөмүндөгү коронавирус инфекциясына каршы Sinopharm кытай вакцинасынын жаңы партиясы жеткирилди. Бул тууралуу кабминдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кытай Эл Республикасына COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө, ошондой эле вакцина сатып алуу маселесинде көрсөтүлүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирет.

Министрлер Кабинети жарандарды өзүн жана жакын адамдарын сактап, вакцинацияланууга чакырат.

Белгилей кетсек, ушул жылдын июль айынын башында республиканын жетекчилигинин тапшырмасы боюнча 1 млн 100 миң доза кытай вакцинасы сатылып алынган. Жалпысынан 2 млн 350 мин доза сатылып алынды.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх