Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Исхак Масалиев Жеңиш Молдокматовго: Иним, ачарчылыкты токтоткун деп суранамын, буларың тушунбойт.

"Сен жашсың, келечегиң бар, башка жол менен аракеттерди жургузсө болот"

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев оппозициячыл саясатчы Жеңиш Молдокматовду нааразылык иретинде ачкачылыкты токтотууга чакырды. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазды.

Экс-парламентчи,  анын нааразылыгын баары бир эч ким түшүнбөйт экенин белгиледи.

«Жеңиш иним, ачарчылыкты жарыялап чындык үчүн күрөшуп турасын. Откөн жылы, октябрь айында борбордук аянтта эл чогулуп, шайлоонун жыйынтыгына каршылык корсоткон. Натыйжасында бир топ бийликке келди. Алар башкарууда...

Иним, ачарчылыкты токтоткун деп суранамын, буларын тушунбойт. Сен жашсын, келечегин бар, башка жол менен аракеттерди жургузсо болот. Кылган аракеттерин Ак.
Жамандык ээсине кайтат...
Ага катары кайрыламын Жениш», - деди ал.

Эске сала кетсек, "Туран" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов былтыр октябрь окуясында имараттарды жана курулмаларды басып алган деген шек менен кармалган. Саясатчы 8 -майда 6 -сентябрга чейин камакта калтырылган.

26 -июлда оппозициячы ачкачылык жарыялаган. Молдокматов ачкачылыктын себебин анын баш коргоо чарасын камакка алуу менен байланышпаган  чарага өзгөртүү каалоосу эмес, кылмыш ишине катышкан бардык адамдарга бирдиктүү мамиле кылуу талабы менен түшүндүргөн.

фото www

 
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх