Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров: Акаевдин мен жөнүндө айткандарынын баары жалган жалаа

Экономика жана каржы министри эч кандай чечим кабыл албаганын жана Кумтөр боюнча эч кандай келишимге кол койбогонун айтууда

Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров Кумтөр боюнча эч кандай чечим кабыл албаганын жана эч кандай келишимге кол койбогонун билдирди. Бул тууралуу министр фейсбук баракчасына жазды.

Жапаров Кумтөр боюнча коррупциялык келишимдин башында Аскар Акаев турганын белгиледи.

«Акаев мырза фактылар жана цифралардан чаташып жатканы ачык эле көрүнүп турат. Тактап айтканда, ал бардык жерде Акылбек Жапаров Кумтөрдөгү бардык кырсыктардын күнөөкөрү экенин, Акылбек Жапаров атайын Торонтого канадалыктар менен сүйлөшүү үчүн барганын айтып жатат. Буга байланыштуу мен, Акылбек Жапаров, бир дагы чечимди кабыл албаганымды, Кумтөр боюнча бир дагы келишимге кол койбогондугумду расмий түрдө билдирүүгө аргасыз болдум. Мен, Акылбек Жапаров, Кумтөр маселеси боюнча Торонтого жалгыз же делегациянын же комиссиянын курамында барган эмесмин. Акаевдин мен жөнүндө айткандары жалган жалаа », - деп бөлүштү ал.

Жапаров ошондой эле кызматташууга кол коюу үчүн Торонтого мурдагы президенттин уулу Айдар Акаевдин барганын баса белгиледи.

«Ал эми дал ошол Аскар Акаев, качандыр бир убакта мамлекеттик органдардын башчыларын Камеко компаниясы менен таптакыр пайдасыз,  келишимге кол коюуга мажбурлаганы мына чындык. Дал ошол адамдын тапшырмасы боюнча кен кийин Центерранын дээрлик толук көзөмөлүнө өткөрүлгөн. А, айтмакчы Торонтого, анын уулу Айдар Акаев барып,  канадалыктар менен "өз ара пайдалуу кызматташууга" барганынын фактылары тергөө тарабынан далилденген. Учурда белгилүү болгондой Кумтөр боюнча иликтөө жүрүп жатат. Алдыда сот турат, акыркы чекитти сот коет », - деп жазган Жапаров.

Эске сала кетсек, мурдагы президент Аскар Акаев Кумтөр боюнча түзүлгөн кырдаалдын башкы күнөөкөрү Акылбек Жапаров экенин, анткени да ошол адам канадалык компания менен протоколду демилгелегенин айткан.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх