Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Темир Сариев эки айга УКМКнын тергөө абагына камалды

Мурдагы премьер -министрдин адвокаты соттун чечимине каршы даттанмакчы

Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы премьер -министр Темир Сариевдин баш коргоо чарасын УКМКнын тергөө абагында эки айга камоо түрүндө тандады. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошентип, ал 30-сентябрга чейин тергөө абагында болот.

Ал арада саясатчынын адвокаты Темир Султанов судья Нурдин Ибраиомванын чечимине даттанмакчы экенин билдирди. Анын айтымында, сотто кардарын УКМКнын тергөө абагына жайгаштырууга негиз жок болчу.

"Тергөөдө жана прокуратурада анын камакка алынышына эч кандай негиз жок болчу, анткени 2021 -жылдын май айынан бери биз бардык сурактарды калтырбай катыштык", - деди Султанов.

Эске сала кетсек, 3 -августта УКМК Кумтөр боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдагы премьер -министр Темир Сариевди кармаган.

Сариев экономика министри жана ошол эле учурда тиешелүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп туруп, Кумтөр кенин иштетүүдөн экологияга келтирилген зыяндын суммасын бир нече миллиард сомго аз көрсөткөнү аныкталган, анын натыйжасында мамлекет ири зыян тарткан.

Эльдос Казыбеков
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх