Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президент Садыр Жапаров район акимдерине 60 миллион сомго унаа сатып алууга жарыяланган тендерди жокко чыгарууну тапшырды

«Бул чечим өлкөнүн экономикалык оор абалын эске алуу менен кабыл алынды»

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын алдындагы Автотранспорт бирикмеси тарабынан райондук администрация башчыларына (акимдерге) 60 миллион сомго унаа сатып алууга жарыяланган тендерди жокко чыгарууну тапшырды. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. 

Бул чечим өлкөдөгү экономикалык абалга байланыштуу кабыл алынганы белгиленген.

«Бул чечим өлкөнүн экономикалык оор абалын, ошондой эле аталган маселе боюнча коомчулуктун пикирин эске алуу менен жана бюджеттин өтө зарыл болбогон чыгымдарын азайтуу үчүн кабыл алынды», - деди Эрбол Султанбаев.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх