Журналист Канат Каниметовго карата козголгон кылмыш иши токтотулат. Прокуратура үн катты
Көзөмөл органы милициянын аракеттерин мыйзамсыз деп тааныды
Прокуратура "Апрель" гезитинин журналисти Канат Каниметовго каршы сотко чейинки өндүрүштү мыйзамсыз жүргүзгөн Аламүдүн райондук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине карата прокурордук жооп кайтаруу актысын түзгөн. Бул тууралуу "Медиа Полиси Институту" уюму билдирди.
Адар Ысык-Көл облусунун прокуратурасынан жооп алгандыгы тууралуу белгилеп өткөн.
Канат Каниметовго карата милицонерлердин иш-аракеттеринин мыйзамдуулугун текшерүү жана аларга укуктук баа берүү өтүнүчү боюнча, прокуратурадан " Аламүдүн райондук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине карата прокурордук жооп кайтаруу актысы түзүлдү" деген жооп келген.
Эскерте кетсек, 2021-жылдын 23-мартынан бери журналист Канат Каниметовго карата Кылмыш -жаза кодексинин 119 беренесине ылайык "Майда ээнбаштык" деген айып менен сотко чейинки өндүрүштөрү башталган. Буга ИИМдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысынын айтымында, Каниметовдун Facebook баракчасына блогер Юлия Барабинанын үйүндө тинтүү жүргүзүүгө байланыштуу бийликти сындап жазган посту себеп болгонун билдирген.
Бул пост "өлкөнүн коомдук-саясий абалын начарлатышына" алып келиши мүмкүн экендигине токтолуп, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы, алгач тергөө органдары, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери материалды "Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине" каттоодон мурун тиешелүү ыкчам иштерин жүргүзүшкөн.
Фото www