Президент Садыр Жапаров Афганстандагы кырдаалга көз салып турат
Президент Тышкы иштер министрлигине Ооганстандагы кыргыз жарандарынын мекенине кайтып келишин камсыздоону тапшырды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Афганстан Ислам Республикасында түзүлгөн кырдаалга тыкыр көз салып турат. Бул тууралуу мамлекет башчысынын кеңсесинен билдиришти.
Алардын айтымында, мамлекет башчысы Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы, Коопсуздук кеңешинин Катчылыгы жана Тышкы иштер министрлиги аркылуу саат сайын тиешелүү маалыматтарды алууда.
Маалым болгондой, Садыр Жапаров ишке тартылган тиешелүү мамлекеттик органдарга Афганстандагы кырдаалдын өнүгүшүнө ар тараптан мониторинг жүргүзүүнү улантууну тапшырган.
Тышкы иштер министрлигине Афганстандын аймагында убактылуу жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары менен дайыма байланышта болуу, алардын коопсуздугун камсыз кылуу чараларын күчөтүү жана өз Мекенине тез арада эвакуациялоо тапшырылды.
Мындан тышкары, ишке тартылган тиешелүү мамлекеттик органдарга аймактагы өлкөлөр менен биргеликте региондогу коопсуздукту бекемдөө жана камсыз кылуу боюнча ишти активдештирүү жана бул багыттагы иш-аракеттерди тыгыз координациялоо тапшырмасы берилди.
Президенттик аппараттын басма сөз кызматы
Фото www