Сеид Атамбаев Садыр Жапаровго: Кек сактабай, оппозициядагы саясий туткундарды бошотуңуз!
Экс-президенттин уулу Садыр Жапаровдон айкөл болууну суранды
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейид Атамбаев мамлекет башчысы Садыр Жапаровдон оппозициялык саясий туткундарды бошотууну суранды. Ал кайрылууну Instagram баракчасында жарыялаган.
"Садыр Нуркожоевич! Камчыбек Кыдыршаевич! Билем, атам Алмазбек Атамбаевди жана Фарид Ниязовду чыгарбайсыздар. Анткени, жеке кегиңиздер бар!
Бирок ушул төмөндөгү саясатчыларды коё берип койсоңор жакшы болмок. Жеңиш Молдокматов, Айбек Калиев, Абдил Сегизбаев, Равшан Жээнбеков. Булар сиздер үчүн коркунучтуу деле адамдар эмес!
Алар болгону чындыкты ачык айтышкан. Чындыкты ачык айткан киши эч качан артыңдан бычак сайбайт! Бул балдар камалса да башка лидерлер чыга берет. Муну моюнга алыш керек. Бул жалган дүйнө бир орунда турбайт экен. Акырындык менен убакыт өтө берет. Бирок тарыхта калам десеңиздер айкөл, адилеттүү болуңуздар!
Кыргызда жакшы сөз бар. "Кекти Кудай каапырга жараткан" - деп. Ошол үчүн кектенбеңиздер. Бийик болушуңуз керек! Ошол үчүн Манас атабызды Айкөл Манас деп атачу кыргыздар! Айкөл болуңуздар!
Садыр Нуркожоевич!
Кандай болгон күндө да, оппозиция болобу же позиция болобу, кыргыздарды мамлекет үчүн бириктиришиңиз керек! Кек сактабаңыз!- деп жазган Сейид Атамбаев.
Сүрөт www