Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланды
Фонд Кыргызстандын экономикасынын приоритеттүү тармактарында өзүн өзү актаган долбоорлорду каржылайт
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «2021-жылдын 11-мартында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Фонд Кыргызстандын экономикасынын приоритеттүү тармактарында өзүн өзү актаган долбоорлорду зайым берүү, капиталына катышуу жана башка финансы инструменттерин пайдалануу менен Кыргызстандын аймагында катталып жана ишмердүүлүгүн жүргүзгөн чарба субьектилерине каржылоо жүргүзөт. Буга байланыштуу, Кыргызстан менен Өзбекстандын экономикалык кызматташтыгы, экономиканы модернизациялоо жана өнүктүрүү, эки тараптуу кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу пландалууда.
Фонд Уставдык капиталы 50 млн АКШ доллары менен болуп, ал Өзбекстан тарабынан салынып, кийинчерээк уставдык капиталы 200 млн АКШ долларына чейин жеткирилген эл аралык уюм болот.
Президенттин администрациясы
Сүрөт www