Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын чек ара өкүлдөрү жолугушуп, чек ара маселелерин талкуулашты
Жолугушуу кичи футбол боюнча мелдеш менен аяктады
Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген макулдашуулардын алкагында 17-августта Кулунду-Автодорожный постунда Кыргыз Республикасынын Чек ара өкүлүнүн Лейлек багыты боюнча орун басары менен Тажикстандын чек ара өкүлүнүн Ганчинский багыты боюнча орун басарынын жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, чек ара өкүлдөрү ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин жардамы менен Баткен облусунун Лейлек району жана Согди облусунун Ганчи районундагы чек ара заставалардын башчыларына "Мамлекеттик чек арадагы чек арачылардын жүрүм -турум линиясы" деген темада практикалык машыгууларды өткөрүштү.
Тараптардын чек ара бөлүктөрүнүн командалык курамы жооптуу аймактарда пайда болгон көйгөйлүү маселелерди, ошондой эле мамлекеттик чек арадагы окуяларды болтурбоо чараларын талкуулашты.
Маалым болгондой, чек ара заставаларынын башчыларынын жолугушуусу кичи футбол мелдеши менен аяктаган.
- Биргелешкен машыгуулар чек ара заставаларынын башчыларынын актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн жакшы аянтча болуп саналат жана эки мамлекеттин чек арачыларына чек арада пайда болгон көптөгөн конфликттик кырдаалдарды болтурбоого, ошондой эле заманбап коркунучтарга каршы бирдиктүү мамилени иштеп чыгууга мүмкүндүк берет, - деди Лейлек чек ара өкүлүнүн орун басары, полковник Улукбек Жоошбеков.
фото www