Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Европа Биримдиги Ооганстандагы талиптердин жеңишин тааныды

Европалык дипломатиянын башчысы талиптер менен диалог жүргүзүү зарыл экенин белгиледи

Европалык дипломатиянын башчысы Хосеп Боррелл Европа Биримдиги талиптер менен диалог жүргүзүшү керектигин айтты. Бул тууралуу "РБК" билдирди.

"Биз Кабулдагы бийлик менен ким болбосун диалог курушубуз керек", - деди Хосеп Боррелл Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин чукул жыйынынан кийинки маалымат жыйынында. - Талибан согушту жеңди, биз алар менен диалог жүргүзүшүбүз керек.

Тактап айтканда, Евробиримдик 2001 -жылы аскердик кампаниясынын жүрүшүндө Батыш өлкөлөрүнө жардам көрсөткөн европалык мамлекеттердин жарандарынын жана оогандардын өлкөдөн чыгарылышына байланыштуу маселелерди талибдер менен талкуулашы керек.

Маалыматка караганда, Ооганстанда Батыштын аскердик кампаниясы башталгандан бери талибдер өзгөрдүбү деген суроого Боррелл азырынча бул маселе боюнча акыркы тыянак чыгара албай турганын айтты.

"Алар [талибдер] мурункудай эле, бирок англисче жакшы сүйлөп калышкан", - деп тамашалаган ал.

Дипломат талиптер менен байланыш түзүүдөн тышкары, Европа Биримдигинин Ооганстандагы дагы эки максатын атады. Алардын биринчиси -өз жарандарын жана Батышка жардам берген оогандарды республикадан чыгаруу (эгерде алар каалашса албетте). Дагы бир милдет - Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу жаңы миграциялык кризистин пайда болушуна жол бербөө, деп кошумчалады Хосеп Боррелл.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх