Казакбаев Ооганстандагы кыргызстандыктарды эвакуациялоого көрсөткөн жардамы үчүн Казакстанга ыраазычылык билдирди
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен телефон аркылуу сүйлөштү
2021-жылдын 18-августунда Кыргыз тарабынын демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилери кыргыз-казак мамилелеринин күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашып, Афганистандагы аскердик-саясий абалдын курчушун эске алуу менен эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашышты.
Министр Р.Казакбаев Казакстан Республикасынын жетекчилигине жана Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын 15 жаранын Кабул шаарынан эвакуациялоого, ошондой эле Кыргызстандын Афганистандагы Элчилигине көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Бул көрүнүш биздин өлкөлөр ортосундагы бир туугандык, союздаштык жана ынак коңшулук мамилелердин жогорку деңгээлинин далили катары эсептелет.
М.Тлеуберди казак тарабынын Кыргыз Республикасынын жарандарына жана Кыргыз Республикасынын Афганистандагы Элчилигине байланыштуу маселелер боюнча мындан ары да жардам көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.
Тараптар кырдаал курчуп кеткен учурда тез арада жооп берүү жана шашылыш маселелерди чечүү максатында Афганистандагы абал боюнча өзүлөрүнүн чет өлкөдөгү мекемелери жана Тышкы иштер министрликтери аркылуу жана анын ичинде ЖККУнун алкагындагы өнөктөш өлкөлөр жана башка регионалдык уюмдар менен мындан аркы аракеттерди координациялоону макулдашышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө регионалдык күн тартибинин башка маселелери, алардын ичинде Нур-Султан шаарында боло турган Борбордук Азияда Ядролук куралдан эркин аймак жөнүндө келишимге катышкан мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна катышууга даярдыктар талкууланды.
Фото www