Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэрлигине талапкерлигин көрсөттү

Учурда ал бул кызматка жалгыз талапкер

Алмаз Мамбетовдун талапкерлиги Ош шаарынын мэрлигине көрсөтүлдү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда ал мэрлик кызматка жалгыз талапкер.

Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, Алмаз Мамбетовдун талапкерлигин министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов жана Ош шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы сунуштады.

2-августтан бери ал шаардын мэринин милдетин аткаруучу кызматында иштеп келет. Мамбетов бул кызматка киришүүдөн мурун жетекчи кызматтарда иштеген. Ал Балыкчы шаарынын мэри, Мамлекеттик реестрдин башчысы болгон.

Эске сала кетсек, 2019-жылы Интернетте «Коопсуз шаардын» камералары тарткан сүрөт пайда болгон. Сүрөттөрдө Мамбетовго окшош айдоочу анын жанында отурган жүргүнчүнүн көкүрөгүн кармаганы көрсөтүлгөн. Айрым интернет колдонуучулар сүрөттө Алмаз Мамбетов деп божомолдошкон. Бирок,ал бул божомолду жокко чыгарган. Кийинчерээк укук коргоо органдары сүрөттүн каарманы Мамбетов эмес экенин жана айдоочу табылып, айыпка жыгылганын кабарлашкан.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх