Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаардык соту мэрияга экс-депутат Арсланбек Малиевдин шаардагы 18 сотых жер тилкесинин мыйзамдуулугун талашууга жол берген жок

Соттук жүрүштүн үчүнчү тарап катары катышуучусу «Бабек ЛТД» фирмасынын жактоочусу чечимди мыйзамсыз деп баалады

18-августта Бишкек шаардык соту Административдик соттун Бишкек мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгына экс-депутат Арсланбек Малиевдин шаардын чок ортосунан берилген жер тилкесинин мыйзамдуулугун талашууга мүмкүндүк берген чечимин жокко чыгарды.

Белгилей кетсек, өткөн айда Бишкек мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы Административдик сотко доо арыз менен кайрылган. Башкармалык арызында Арсланбек Малиевге шаардын Чокморов 164 дарегинде жайгашкан жер тилкесинин берилишиндеги мыйзам бузуулар жөнүндө сотко доо арыз менен кайрылуу мөөнөтүн кайтарып берүүнү суранган. Сот бул өтүнүчтүү канааттардырган. Бирок чечим менен макул болбогон экс-парламентирий Бишкек шаардык сотко азырданган.

Кечээ Арсланбек Малиевдин доо арызы боюнча Бишкек шаардык сотунда акыркы отурум болуп өттү.

Бишкек мэриясы жана мэриянын Жер ресурстар башкармалыгынын жактоочулары катышкан отурумга Малиевдин жана талаштуу жер тилкесине көп кабаттуу үй курган «Бабек ЛТД» курулуш фирмасынын жактоочулары үчүнчү жак караты катышты.

Сот тараптардын пикирлерин уккан соң Арсланбек Малиевдин өтүнүчүн канааттардырган чечим кабыл алды.

Бишкек шаардык соту Административдик соттун мэриянын Жер ресурстар башкармалыгынын Арсланбек Малиевге шаардын чок ортосунан жер тилкесинин берилишиндеги мыйзам бузуулар жөнүндө сотко доо арыз менен кайрылуу мөөнөтүн кайтарып берген чечимин жокко чыгарды.

«Бабек ЛТД» ишканасынын жактоочусу Ильгиз Насиров, журналисттерге курган маегинде соттун чечимин мыйзамсыз деп баалады. Ал Жогорку сотко, Соттор кеңешине жана Президентке кайрылаарын билдирди.

Насиров соттук отурумдарда Арсланбек Малиевдин жактоочусу административдик соттун аныктамасына макул эместигин айтканын бирок аны негиздей албагандыгын белгиледи.

Ошондой эле Насиров соттун жүрүшүндө административдик процессуалдык кодекстин эрежелери бузулганын кошумчалады.

Алия Медет

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх