Кыргыз Республикасына Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян келди
Иш сапар Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны менен байланыштуу
Кыргыз Республикасына Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Армения Республикасын Премьер-министри Никол Пашинян келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын 19-20-августунда Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Кеңешменин жүрүшүндө интеграциялык биримдиктин алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралмакчы.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз