Кыргызстанга Россия менен Казакстандын өкмөт башчылары Дмитрий Мишустин жана Аскар Мамин келишти
Алар Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келишти
Кыргыз Республикасына Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин келди.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын 19-20-августунда Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Кеңешменин жүрүшүндө интеграциялык биримдиктин алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралмакчы.
Министрлер Кабинетинин Басма сөз кызматы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз