Кыргыз Республикасына Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко келди
Беларус өкмөтүнүн башчысы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына чакырылган
Кыргыз Республикасына Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын 19-20-августунда Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Кеңешменин жүрүшүндө интеграциялык биримдиктин алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралмакчы.
Министрлер Кабинетинин Басма сөз кызматы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз