Путин ооган качкындарын Борбор Азияга визасыз жайгаштыруу идеясын сынга алды
Россиянын президенти бул маселе көптөгөн жайларда талкууланарын белгиледи
Россиянын президенти Владимир Путин Ооганстандан келген мигранттарды виза албастан убактылуу Борбор Азия өлкөлөрүнө жайгаштыруу идеясын сынга алды. Бул идеяны батыш саясатчылары көтөрүшкөн.
Бул тууралуу Путин "Бирдиктүү Россия" партиясынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда айтты.
"Биздин батыштык кесиптештерибиз Ооганстандан келген качкындар АКШга же башка өлкөлөргө виза алардан мурун Борбор Азия мамлекеттерине жайгаштырылышын каалашат. Демек, бул өлкөлөргө, биздин кошуналарга, визасыз жайгаштырууга болот, бирок алар визасыз өздөрүнө алып кетүүнү каалашпайт. Бул маселени чечүүдө басынтуучу мамиле жасаганы кандай? Биз муну ЖККУнун саммитинде жана башка жерлерде талкуулайбыз. Биз Борбор Азия өлкөлөрү менен байланыштабыз. Алар көп жагынан биздин өнөктөштөрүбүз жана союздаштарыбыз. Бул качкындардын арасында кимдер болушу мүмкүн экенин билбейбиз",- деди ал.
Фото www