Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү акыркы чек ара жаңжалын талкуулашты

Тажик тарап "Головной" суу сактагычынын алдында траншеяларды жайгаштыруу боюнча ишти токтотту

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды жөнгө салуу үчүн жолугушту. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди.

Жолугушуу Баткен районунун Төрт-Көчө аймагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Эки-Таш аймагында Кыргызстандын жарандарына таандык унааларга таш ыргытуу фактысын, ошондой эле "Головной" суу сактагычынын маңдайында тажик тарап жүргүзгөн иштердин маселесин карашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары тарабынан кошумча иш-чаралардын комплексин аткаруу чечимдери кабыл алынды.

Мындан тышкары, тараптардын укук коргоо органдарына Кыргыз Республикасынын жарандарынын унааларына таш ыргытуу фактысы боюнча иликтөө жүргүзүүгө жардам көрсөтүлөт. Чек ара өкүлдөрү окуялардын алдын алуу үчүн чек ара аймагынын тургундары арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

Ал арада тажик тарап "Головной" суу сактагычынын маңдайында траншеяларды жайгаштыруу боюнча ишти токтотту.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлүүдө.

УКМКнын басма сөз борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх