Кыргызстандын элчиси Korea Telecom Президенти Ку Хён Мо мырза менен жолугушту
Алар санариптештирүү жаатындагы тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экенин белгиледи
20-августта Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Динара Кемелова KT (Korea Telecom) президенти Ку Хен Мо мырза менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар үстүбүздөгү жылдын июль айында болгон бизнес-делегациянын жыйынтыктарын талкуулашты. Тактап айтканда, энергетика, саламаттыкты сактоо, туризм багыттарына жана МКТ анын ичинде «Акылдуу шаар» инвестициялоо маселелери сүйлөшүлдү.
КТ Президенти Кыргызстандын экономиканын артыкчылыктуу секторлорунда долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстандын чоң дараметин белгиледи. Биргелешкен жумуш алып барган учурда МКТ багытында Кыргызстандын региондо биринчи орунга чыгуу мүмкүнчүлүгүн өзгөчө белгиледи.
КТ Президенти санариптештирүү жаатында өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүү, ошондой эле долбоорлордун ишке ашыруу учурунда маалымат технологиялар (IT) чөйрөсүндө адистерди даярдоого корпорациянын даярдыгын билдирди.
Сүрөт www