Кыргызстан Ооганстан жарандарына виза берүүдө чектөө киргизди
Мындай чечим Афганистан Ислам Республикасындагы туруксуз кырдаалды эске алуу менен кабыл алынды
Кыргызстандын өкмөтү Ооганстандын жарандарына виза берүүгө убактылуу чектөө киргизди. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бул чечим Афганистан Ислам Республикасындагы туруксуз аскердик-саясий кырдаалды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын аймагына күмөндүү адамдардын киришине жол бербөө үчүн, ошондой эле башпаанек издеген адамдардын чоң агымы болбошу үчүн кабыл алынды",-деп айтылат билдирүүдө.
Маалым болгондой, чектөөлөр дипломатиялык жана кызматтык визаларды берүүдө колдонулбайт (дипломаттар жана расмий делегация мүчөлөрү үчүн).
Министрлик Кыргызстанда окууну каалаган ооган студенттерине Кыргыз Республикасынын визасын берүү маселеси учурда макулдашуу баскычында экенин белгиледи.
Сүрөт www