АКШ Афганистандандагы америкалык аскерлерин Кыргызстанга жайгаштыруу маселеси боюнча кайрылган
Руслан Казакбаев учурда бул жаатта кызматташуу маселеси каралган жок деп билдирди
АКШ Афганистандан Кыргызстанга америкалык аскерлерди алып келип жайгаштыруу маселеси боюнча расмий түрдө Бишкекке кайрылды. Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаев РИА Новостиге берген маегинде билдирди.
Ал белгилегендей, учурда бул жаатта кызматташуу тууралуу маселе каралган жок.
"Бизде террорчулукка каршы Вашингтон менен өз ара кызматташуу боюнча чоң тажрыйба бар. Өзүңүздөр билгендей, "Манас" аэропортундагы Жүк ташуу боюнча транзиттик борбордогу аба базага эл аралык коалициянын күчтөрүн кабыл алганбыз. Афганистандандагы абал күн сайын өзгөрүүдө, азырынча бул форматта кызматташуу маселеси каралган жок", - деп билдирди Казакбаев.
Фото www