Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жылдыз Бакашова ПЧР-анализдин жыйынтыктарын бурмалоо фактыларын жеке көзөмөлүнө алды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары мындай мыйзам бузууларга жол берилбестигин эске салды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова көз карандысыз журналисттер Али Токтакунов менен Мээрим Сырдыбаеванын материалында айтылган ПЧР-тесттен өтүү тууралуу жасалма тастыктамаларды берүү фактылары боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жылдыз Бакашова мындай мыйзам бузууларга жол берилбестигин эске салып, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине журналисттердин иликтөөсүндө көрсөтүлгөн фактылар боюнча белгиленген тартипте териштирүүнү баштоону тапшырды.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине бир жуманын ичинде мыйзам бузуулардын фактыларын изилдеп чыгуу, анын жыйынтыгы боюнча жеке менчик лабораториялардын ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кароо тапшырылды.

Өз кезегинде Чек ара кызматына материалда көрсөтүлгөн фактылар боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү жана мындай мыйзам бузуулардын алдын алуу чараларын көрүү тапшырылды.

Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх