Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Исхак Масалиев Оштун мэринин милдетин аткаруучусун маңкурт болбой, эстеликтерди жөн коюуга чакырды

Экс -депутат Алмаз Мамбетовдун Оштогу Лениндин эстелигин бузгусу келгенине нааразы

Экс-депутат Исхак Масалиев Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетовдун түштүк калаадагы Владимир Лениндин эстелигин бузууга ниеттенип жатканына нааразы. Бул тууралуу ал Facebook социалдык тармагына жазган.

-Бүгүн бир кабар угуп калдым, Ош шаарынын мэрдин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов Ленин эстелиги жөнүндө кеп кылыптыр. "Эл чечим кабыл алса эстелик алынат" дептир...Башка көйгөй Ошто калбаптыр...

Балыкчыда эстеликти алып койдуң, шаардыктар жыргап кетиштиби?
Алмаз иним, сураныч ушундай иштеринди таштасаңчы!
Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө шарт түзүп берген кишилердин бири жана эң негизгиси - Владимир Ленин болгон, мындан эч ким танбайт.
Акылы жок адам, колунан жакшы иш келбеген киши эстеликтер менен күрөшөт.
Андан көрө, токтогон ишканаларды жандандырсаң, жетпеген мектептерге көңүл бургун, Алмаз

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх