Шавкат Мирзиеев Өзбекстанда 250 миллион бак тигүүнү тапшырды
Мамлекет башчысы район жетекчилерин көчөлөрдү жакшыртууга жана жашылдандырууга тийиштүү көңүл бурушпайт деп эсептейт
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин тапшырмасы менен коңшу өлкөдө 250 миллион дарак отургузулат. Бул тууралуу 24-августта курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы артыкчылыктуу милдеттерге арналган видеоконференцияда белгилүү болгонун Фергана маалымат агенттиги жазды.
Бул экология жаатындагы абалды жакшыртуу максатында жасалгандыгы көрсөтүлгөн. Ар бир махаллага бир адам бекитилет, ал белгилүү бир аймакта өскөн дарактарга кам көрөт. Алар жумушчулар коомдук иштер фондусунан айлык алышат.
Белгиленгендей, аймактардагы дарактардын жана бадалдардын саны үч-төрт эсе, республика боюнча орто эсеп менен 8 пайызга кыскарган.
Райондордо, облус борборлорунда жана Ташкентте өсүмдүктөрдү жергиликтүү климатты эске албастан отургузушат, ошондуктан тез өлөт. Райондордун акимдери көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине кайдыгер мамиле жасашат, көчөлөр таштандыга толгон деп Өзбекстандын башчысы нааразы болду.
Сүрөт www