Казакстандын коргоо министри аскердик бөлүктө жарылуу болгондон кийин кызматтан кетүүнү чечти
Ал белгилегендей, акыркы чечимди өлкө жетекчилиги кабыл алат
Казакстандын коргоо министри Нурлан Ермекбаев аскердик бөлүктө жарылуу болгондон кийин кызматтан кетүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу "Sputnik Казакстан" кабарлайт.
- Жарылуу тууралуу кабарлангандан кийин эле биринчи мүнөттө ал кызматтан кетүүнү чечти, - деп жазган Коргоо министрлигинин башчысы.
Ал арада Ермекбаев акыркы чечимди өлкө жетекчилиги кабыл аларын белгиледи.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз