Октябрь окуясында каза болгон Үмүтбектин үй -бүлөсүнө батир бөлүнөт
Турак жай 2020 -жылы эле берилиши керек болчу, бирок Бишкек мэриясынын жооптуу кызматкерлеринин шалаакылыгынан маселе чечилген эмес
Октябрь окуяларында каза болгон Үмүтбектин үй -бүлөсүнө жакын арада батир берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармакта жарыялады.
«Октябрь окуяларында каза болгон Алтынбек уулу Үмүтбектин үй -бүлөсүнө жакында Бишкектен батир бөлүнөт», - деп жазган ал. - Тийиштүү буйрукту 2020-жылдын октябрь-ноябрь айларында Садыр Жапаров берген. Бирок борбор калаанын мэриясынын кээ бир жооптуу кызматкерлеринин жоопкерчиликсиз мамилесинен улам бул маселе өз убагында чечилген жок.
Султанбаев ошондой эле бул маселе мамлекет башчысынын жеке көзөмөлүндө экенин айтты.
Сүрөт www