Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку аттестациялык комиссия Президенттин алдындагы Улуттук аттестациялык комиссия болуп кайра түзүлдү

Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчысы кол койду

Жогорку аттестациялык комиссия Президенттин алдындагы Улуттук аттестациялык комиссия болуп кайра түзүлдү. Бул тууралуу мамлекет башчынын администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Документте белгиленгендей, заманбап мамлекеттин технологиялык өнүгүүсүндө илимдин стратегиялык мааниси илимий жана инновациялык ишмердүүлүктү өлкөнүн социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүү проблемаларын чечүүгө багыттоо зарылдыгын аныктайт.

Ошентип, илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоонун мамлекеттик тутумун андан ары өркүндөтүү максатында Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Жогорку аттестациялык комиссияны Президенттин алдындагы Улуттук аттестациялык комиссияга айландыруу чечими кабыл алынды.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх