Ысык-Көл облусунун 54,5 миңден ашуун тургуну COVID-19га каршы вакцина алды
Белгиленгендей, кыргызстандыктар үчүн 1 -сентябрдан 10 -сентябрга чейин бүткүл өлкө боюнча коронавируска каршы эмдөө боюнча жалпы кампания өткөрүлүүдө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча Республикалык ыкчам штабдын көчмө жыйынын өткөрдү.
Кеңешменин жүрүшүндө өлкөдөгү эпидемиологиялык абал, республика аймагындагы, анын ичинде Ысык-Көл облусундагы вакцинациялоо боюнча кампаниянын жүрүшү, ошондой эле жаңы окуу жылына карата даярдыктар маселеси талкууланды.
Жылдыз Бакашова коронавирус инфекциясы жана пневмония менен ооругандардын саны азайып жаткандыгын, эпидабалды турукташтыруу жана оор абалдагы адамдардын, каза болгондордун санын кыскартуу үчүн вакцинациялануу керектигин белгиледи. Белгилесек, Кыргызстандын стационарларында COVID-19 менен ооруп дарыланган бейтаптардын 99% вакцинацияланган эмес.
2021-жылдын 2-сентябрындагы маалыматтар боюнча, Ысык-Көл облусунун аймагында COVID-19дан эмдөө алгандардын саны 54,5 миңден ашуун адамды түздү. Ал эми жалпы калктын 70% эмделиши үчүн 183 869 адам вакцинацияланышы керек. Бүгүнкү күндө бул региондо 175 убактылуу эмдөө пункттары иштөөдө.
Жылдыз Бакашова Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен биргеликте ар бир облустагы калктын коронавирус инфекциясынан вакцинациялоо менен камтылышын кеңейтүүнү жана анын темпин күчтөндүрүүнү, вакцина алуунун зарылдыгы, маанилүүлүгү тууралуу түшүндүрү иштерин активдүү жүргүзүлүшүн камсыздоону тапшырды.
Эскертсек, кыргызстандыктардын коллективдик иммунитетин түзүүнү тездетүү үчүн 1-10-сентябрда өлкө боюнча COVID-19дан вакцинациялоо боюнча жалпы акция өтүүдө.
Өз кезегинде өлкөнүн саламаттык сактоо уюмдарынын педагогикалык курамы арасында вакцинациялануунун тийиштүү деңгээли 70%га жетти. Билим берүү жана илим министрлиги, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте COVID-19дан вакцина албаган кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантуусу тапшырылды.
Мындан тышкары, Республикалык штабдын тапшырмасы боюнча студенттерди иммундаштыруу үчүн өлкө ЖОЖдорунда COVID-19дан вакцинациялоо боюнча мобилдүү пункттар ачылат.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна “кызыл зонада” иштеп жаткан медиктерге материалдык компенсацияларды жана ай сайын берилүүчү кошумча төлөмдөрдү өз мөөнөтүндө каржылоону камсыздоосу тапшырылды.
Белгилесек, учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Ысык-Көл облусунда жумушчу сапар менен жүрөт. Вакцинациялоонун жүрүшүн талдоо боюнча мындай Республикалык ыкчам штабдын көчмө жыйыны ар бир облуста өтөт.
Министрлер кабинетинин мааалымат кызматы
Фото www