Садыр Жапаров кыргыз жазмасынын негиз салуучусу Касым Тыныстановдун эстелигине гүл койду (фото)
Иш -чара көрүнүктүү мамлекеттик ишмердин туулуп өскөн айылында өттү
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-сентябрда, кыргыз профессору, акыны, кыргыз жазмасынын негиз салуучусу, чыгаан мамлекеттик ишмер Касым Тыныстановдун туулуп өскөн Ысык-Көл облусунун Чырпыкты айылында орнотулган эстелигине гүл койду.
Быйыл Кыргызстандын белгилүү чыгаан инсандары Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов, Кусеин Карасаевдин 120 жылдыгынын урматына мааракелик иш-чаралар республикалык деңгээлде өтүп жатат.
Ушул эле жерде Президент Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар, алардын арасында Касым Тыныстановдун туугандары жана чөбөрөсү менен баарлашты.
Айылдын аксакалдары жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясатка колдоосун билдирип, Өлкө башчысына мамлекеттик программаларды жана реформаларды ишке ашырууда ийгилик каалашты.
Президенттик аппараттын маалымат кызматы
Фото www