Уларбек Абдиев тай боксу боюнча КМШ оюндарында коло медалга ээ болду
Спортчу 57 кг салмакта күч сынашты
Тай бокс боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Уларбек Абдиев Казанда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн оюндарында коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Жаштар, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Алардын айтымында, спортчу 57 кг салмакта күч сынашкан.
Эске салсак, КМШ оюндары 4 -сентябрдан 11 -сентябрга чейин Казанда (Татарстан) өтөт. Аларга КМШнын тогуз өлкөсүнүн спортчулары катышууда.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз