Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте уурдалган Орхан Инандынын соту Түркияда башталды

"Сапат" лицейлер тармагынын негиздөөчүсү ден соолугуна байланыштуу камактан бошотууну соттон суранды

Түркияда Бишкекте уурдалган "Сапат" лицей тармагынын негиздөөчүсү Орхан Инанды боюнча сот башталды. Бул тууралуу Sabah түрк басылмасы жазып чыкты.

Басма сөзгө ылайык, айыпталуучу видеоконференция аркылуу камакта жаткан жеринен Анкаранын 23 -Жогорку Сотунун отурумуна катышкан. Сот залында анын адвокаты катышты.

Сотто кармалган адам коргонууга даярдануу үчүн кошумча убакыт сурады. Анын айтымында, колу сынгандыктан, туура даярдана алган эмес.

Орхан Инанды ошондой эле иштин материалындагы кээ бир далилдерге даяр эмес экенин. Ошондой эле ал ден соолугуна байланыштуу камактан бошотууну соттон суранган.

Сот "Сапат" лицей тармагынын негиздөөчүсүн камакта калтыруу чечимин кабыл алып, отурумду жылдырды.

Эске сала кетсек, Орхан Инанды 2021 -жылдын 31 -майында Бишкек шаарында жоголгон. Октябрь райондук ички иштер бөлүмүндө тергөө-ыкчам тобу түзүлдү. Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жана Ички иштер министрлигине аны издөө иштерин күчөтүүнү тапшырды. Инандын жоголгон фактысы боюнча "уурдоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Кийинчерээк, 6 -июлда, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган республиканын министрлер кабинетинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча телекайрылуусунда Орхан Инанды Түркиянын атайын кызматы кармап, Түркияга алып кеткенин айткан.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх