Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Душанбедеги Садыр Жапаров "Кохи Навруз" комплексине келип, аны Эмомали Рахмон тосуп алды (фото)

Биринчи жолу Тажикстанда ШКУ жана ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын жолугушуусу өтөт

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин отурумуна катышуу үчүн Душанбе шаарындагы «Кохи Навруз» комплексине келди.

Президент Садыр Жапаров комплекске келгенде Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон тосуп алды, андан соң ШКУга катышуучу-өлкө лидерлери чогуу сүрөткө түшүштү.

Андан соң алар уюмдун алкагындагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн жыйындар залына киришти.

ШКУ саммитине бирикмеге мүчө-мамлекет башчылары катышат: Кыргызстан, Индия, Казакстан, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан. Ошондой эле байкоочу макамы бар мамлекеттердин лидерлери: Афганстан, Беларусь, Иран жана Монголия. Мааракелүү саммитте ардактуу мейман катары Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов катышат.

Эске салсак, дагы алты өлкө уюмда диалог боюнча өнөктөш макамында: Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия жана Шри-Ланка.

Белгилей кетсек, бүгүн ошондой эле биринчи жолу Шанхай кызматташтык уюму жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын жолугушуусу өтөт.

Президенттик аппараттын мааалымат кызматы

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх