Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ковид-19: Бишкекте коомдук транспорттук рейддер уланууда

Санитардык нормаларды бузгандарга административдик протоколдор түзүлүп, айыптар салынган

Шаардык транспорт башкармалыгынын адистери Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык -эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору жана Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Транспорт инспекциясы менен биргеликте коомдук транспорт салондорун күн сайын текшерип турушат.


Рейддин жүрүшүндө коомдук транспортто дезинфекциялоочу каражаттардын болушу текшерилет, санитардык нормалардын сакталышы текшерилет, айдоочулар жана жүргүнчүлөр менен коомдук транспортто беткап режиминин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.


Укук бузгандарга административдик протоколдор түзүлүп,« Спейсталс» и «Ай-эль транс»ЖЧКсынын маршруттук таксинин айдоочуларына карата санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактабагандыгы үчүн 150/1, 271/2 беренелери боюнча айып пул салынган. .

Мэрия шаардыктарды жана айдоочуларды коомдук транспортто жүргөндө санитардык эрежелерди сактоого чакырат.

Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх