Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат: Кесиптештерибиз Төрөбай Зулпукаров менен Асылбек Жээнбековду эмнеге бизден уруксатсыз кармап жатышат?

Курманкул Зулушев кармоону учурдагы кодекстеги кемчиликтер менен түшүндүрдү

Депутат Евгения Строкова парламенттин бүгүнкү жыйынында эл депутаттарынын кол тийбестиги боюнча маселе көтөрдү.

- Эмнеге биздин кесиптештерибиз Төрөбай Зулпукаров менен Асылбек Жээнбековду биздин уруксатыбыз жок кармап жатышат? - деп башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылды. - Же Конституция депутаттарды камакка ала тургандай деңгээлде коргогонбу? Бул маселеде сиз күттүргөндөй иш кылышыңыз керек, ошондо сиздин ишиңиз жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү шек жаратпашы керек.

Өз кезегинде башкы прокурор ар бир депутатка кылмыш иши козголушу мүмкүн экенин белгиледи.

- Депутатты оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу керек, - деп баса белгиледи ал. - Ар кимге кылмыш иши ачылышы мүмкүн, бирок айып тагылганга чейин Жогорку Кеңештин макулдугу алынышы керек. Жогоруда аталган депутаттарды кармоо жагдайы иштеп жаткан кодекстеги кемчиликтерден улам түзүлгөн.

Көзөмөл органынын башчысы ошондой эле эгер жаңы кодекстер иштей баштаса, келечекте депутатка парламенттин макулдугусуз айып тагуу мүмкүн болбойт.

Канышай Балкыбекова

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх