Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Маевкадагы өрттөн 89 жаштагы кемпир каза болду

Өрт турак үйлөрдүн биринде чыккан

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылында болгон өрттөн 89 жаштагы кемпир каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, өрт кечээ, 26 -сентябрда саат 23:10 чамасында турак үйлөрдүн биринде болгон.

- Өрттү өчүрүү үчүн No8 ӨКБнын бир өрт өчүрүү тобу тартылган, - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө. - Саат 23: 10до өрт локализацияланган, ал эми 23: 46да толугу менен өчүрүлгөн.

Маалым болгондой, өрттүн кесепетинен үйдүн ичиндеги диван күйүп кеткен, натыйжада бир аял көмүр кычкыл газынан каза болгон (М.Г. 1932).

Маркумдун сөөгү Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх