Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чүй облусунда өткөн тойдо жигит үйдүн чатырына чыгып, курал менен асманга аткан(видео)

Милиция анын ким экенин аныктады. Сотко чейинки териштирүүлөр башталды

Интернетте үйлөнүү үлпөтү учурунда үйдүн чатырында турган жаш жигит курал менен асманга эки жолу ок чыгарган видео тарады.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан Vesti.kg сайтына окуя бир күн мурун Буденовка айылында болгонун билдирди. 22 жаштагы жигиттин ким экени буга чейин белгилүү болгон.

Ал инисинин тоюнда атасынын ок атуучу куралы менен асманга ок атканын түшүндүрдү.

Бул факт КЖБРде Кыргыз Республикасынын Жоруксуздук кодексинин 121 -беренеси (Калктуу конуштарда ок атуучу куралдан атуу) боюнча катталган.

Бардык жагдайлар такталып жатат.


Канышай Балкыбекова
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх