Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Министрлер кабинетинин жетекчилиги Исхак Раззаковдун эстелигине гүл коюшту

Акылбек Жапаров Исхак Раззаков өз элине жан аябастык менен адал кызмат кылуунун ачык мисалы экенин баса белгиледи

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жана анын орун басарлары Бишкек шаарында мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун эстелигине гүл койду.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, Исхак Раззаков – Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык өнүгүүсүнө зор салым кошкон белгилүү замандаштарыбыздын катарына кирет.

Акылбек Жапаров билдиргендей, Исхак Раззаков өз өлкөсүнө жана элине ак ниет жана берилүү менен кызмат өтөөнүн жаркын үлгүсү боло алат, ал эми анын аты өлкөнүн тарых барактарында сакталат.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын алкагында мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы белгиленүүдө. Ал 1950-1961-жылдары Кыргыз ССРинин Коммунистик партиясынын биринчи катчысы кызматын ээлеген.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх