Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улан Сарбанов Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын башчысы катары тааныштырылды

Экономика министри Сарбановдун каржы-экономикалык чөйрөдө чоң тажрыйбасы бар экенин эске салды

Бүгүн, Экономика жана соода министрлигинин аппараттык жыйынынын жүрүшүндө, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жаңы жетекчиси Улан Сарбанов тааныштылды.

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Сарбановду тааныштырып жатып, министр Данияр Амангелдиев анын каржы-чарбалык ишмердүүлүк жаатында бир топ тажрыйбасы бар экенин белгиледи. Ал узак убакыт бою өлкөнүн Улуттук банкынын системасында, ар кандай коммерциялык банктарда иштеген, окутуу менен алектенген.

Министр келечекте Улан Сарбанова жетектеген көзөмөл органы жүктөлгөн милдеттердин аткарылышын көзөмөлдөйт деген ишенимин билдирди. Ал ийгиликтерди, өнүгүүнү жана жаңы жеңиштерди каалады.

Экономика министрлигинин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх