Кыргызстанга Пакистандан 50 ири компания келди
Алар айыл чарба тармагына инвестиция салууга, товарларды экспорттоо жана импорттоо боюнча келишимдерди түзүүгө, халал индустриясын жана курулушту өнүктүрүүгө кызыкдар.
Бишкекте эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн соода-экономикалык кызматташтыгын активдештирүүгө арналган кыргыз-пакистан бизнес форуму өтүүдө. Пакистандан айыл чарба тармагына инвестиция салууга, товарларды экспорттоо жана импорттоо боюнча келишимдерди түзүүгө, халал-индустрияны, курулушту, өнөр жайды өнүктүрүүгө жана башка тармактарда кыргыз компаниялары менен кызматташууга кызыкдар болгон 50гө жакын экономиканын ар түрдүү тармактарындагы ири компаниялар келди.
Пакистан делегациясы кыргыз-пакистан кызматташтыгы, ишке ашырылышы мүмкүн болгон инвестициялык долбоорлор, өз ара соода үчүн товардык позицияларды аныктоо, биргелешкен ишканаларды түзүү маселелерин талкуулоого ниеттенүүдө.
Иш-чара бүгүн саат 15:00гө чейин "Шератон" мейманканасында Бишкек ш. Киевская, 148 өтөт.
Бардык суроолор боюнча KСПП катчылыгына төмөнкү телефондор аркылуу кайрылыңыз: 0755888856, 0702400030.
Сүрөт www