Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КР ТИМи: Багдадда кыргызстандык жаран каза болгону тууралуу маалымат тастыкталды

Маркумдун жубайына кирүү визасын алууга көмөк көрсөтүү маселеси чечилүүдө

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Багдаддагы КР жараны С.М.нын өлүмү боюнча кошумча маалыматты жарыялады.
«26-октябрда Ирак тарап менен болгон сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жаран С.М. чындап эле каза болгон жана анын сөөгү Багдад шаарынын өлүкканасында. Кыргызстандын Кувейттеги элчилигине бул жарандын каза болгондугу тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү келип түшкөн, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы күтүлүүдө.
 
Учурда маркумдун жубайы А.М.га кирүү визасын алууга көмөк көрсөтүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө жана сөөктү Кыргыз Республикасына алып келүүнү уюштуруу.
Министрлик бул маселени такай көзөмөлдөп турат”,-деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин пресс-релизинде.
 
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх